Vision

YearCompass - адамдарды, жашоосунда болуп жаткандардан кабардар болуу үчүн өткөн жылын жыйынтыктоого жана келээрки жылын пландаштырууга чакырган глобалдык кыймыл. Жаңы Жылдык убадалар пайда алып келбейт, ал эми жылыңызды пландоо болсо алып келет. Кыймылдын негизги артыкчылыгы - көп тилде жеткиликтүү болгон YearCompass буклетти акысыз жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү.

Окуя

Досторубуз менен Жаңы Жылды жакшылап тозолу деген ой менен, бир нече ойго салган суроолорду камтыган буклетти жасаганбыз, анан ал 2013-жылы көпчүлүккө тарай баштады. Ошондон бери бул 25 өлкөдөн жүздөн ашуун волонтерлодон турган эларалык кыймылга айланды. Бүгүнкү күндө YearCompass буклети 22 тилде жеткиликтүү. Басма нускасын YearCompass вебсайтынан акысыз жүктөп чыгарып алса болот. Өткөн жылы 900.000 жолу жүктөлгөн.

Пресс-релиз

Пресс-релиз []

YearCompass фактылары

уюм

  • коммерциялык эмес
  • 21 өлкөдөн 100 волонтерлорубуз бар
  • жайгашкан шаары: Будапешт (Мажарстан)
  • 2012-жылы долбоор катары баштап Invisible Universityде чыгарганбыз.

жылды пландоо буклети

  • өткөн жылы 900.000 түздөн жүктөөлөр болгон
  • 19 тилде жеткиликтүү
  • жүктөп алуу акысыз
  • 20 бет суроолордон турат

негизги команда

Буга чейин пайда болгон

Англис тили

Аудио маек сегменттери

Kossuth Rádió - YearCompass кыймылы тууралуу маек [Мажар тилинде]

Bukarest Rádió - Békéssy László / YearCompass менен маек [Мажар тилинде]

Érd.FM - P. Tóth András / YearCompass менен маек [Мажар тилинде]

Видео

YearCompass колдонуучулары өз тажрыйбасын айтып берүүдө [Мажар жана англис тилдеринде]

Коммерциялык эмес жана өз ыктыяры менен катышуу

YearCompass - волонтерлук булактарга таянган коммерциялык эмес уюм жана анын негизги волонтерлору Invisible University (жогорку билим үчүн өз алдынча өнүгүүгө демилге берүүчү, Мажарстандык коммерциялык эмес уюм).

Муну менен бирге эларалык волонтерлор коому күндөн күнгө өсүп, жылдан жылга YearCompassты көптөгөн адамдарга жана өлкөлөргө жеткиликтүү кылууда.

Интервью булактары

YearCompass бир сүйлөм менен айтканда?

YearCompass - өткөн жылыңызды карап чыгууга жана келээрки жылыңызды пландоого жардам берген, акысыз жүктөлүүчү буклет.

Бул мага кандайча жардам берет?

Күнүмкү жашоодо, Көнүмүш Шаршембин алдыдагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү жашырып коюшу ыктымал. Көбүбүз күнүбүздү калыптанып калган тартипте өткөрөбүз,

Көпчүлүгүбүз эле кыялданабыз, бирок пландаштыргандар азбыз. Жок дегенде ишке жарайт. YearCompass буклетинин экинчи бөлүгү толугу менен пландоо жөнүндө. Бул болсо кыялдарыңыздын ишке ашуусуна жардам берет жана аларга жеткире турган багытка салат. Жаңы Жылдык убадалар пайда алып келбейт, ал эми жылыңызды пландаштыруу болсо алып келет.

Муну эмне үчүн жасап жатасыз?

Биз өздүк аң-сезимге ишенебиз. Өзүн өзү таану - жакшы адам болуунун өзөгү , бул планетада көптөгөн мыкты адамдарга муктажбыз. Жүгүбүз жеңил эмес ошентсе да жардамга муктаж болгон бирөөнө жардам берүү биз үчүн ырахат, андыктан биз буклет жана YearCompass кыймылын ойлоп тапканбыз.

Бул ой силерге кайдан келип калды?

2012-жыл эле,досторубуз менен Жаңы Жылды эң сонун тозолу дегенбиз, ошентип оюбузду жыйууга жардам берчү суроолорду бергенбиз. Бул жолугушуу абдан ийгиликтүү болду, анткени биздин оюбуз башкалардыкы менен топ келген. Мунун пайдасы тиер деген ой менен буклет жасоону чечтик. Балким эки жүзгө жакын жүктөөлөр болоор анан бир эки адамды бактылуу кылаарбыз деп ойлогонбуз. Билишибизче - көпчүлүккө тараган.

Эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп жатасызбы?

Арабыз арбып, 2013-жылдан тарта жүктөөлөр 13 эсе көбөйдү. Дүйнөнүн төрт бурчунан каттар келет, анда ар кандай адамдар бул буклет жашоосун аныгыраак көрүүгө, көптөн эңсеген максатына жетүүгө жардам бергенин жазышат. Алардын арасында чынында таң калаарлык окуялар да бар.

Бизге коомчулуктан келген көптөгөн окуялардын арасында эң жакшы көргөн төрт окуя бар. Биринчиси, Улуу Британиядагы мектептен келген окуя. Ал жерде ар бир окуучуга YearCompass буклети берилип, класстык көнүгүү катары баары чогуу толтурушат экен. Биз муну билбейт деле болчук, бир күнү мугалимердин бири акысын сизге кантип которсок болот деп кат жазып жибериптир. Бүткүл мектеп YearCompassын үй тапшырма катары колдонуп жатканынын өзү эле керемет. Сонун!

Экинчиси, Уланбатордогу Айымдар Клубунан келген окуя. Эки жыл мурун, Азияда айымдар клубу бар экенин, анын мүчөлөрү англис тилин чогуу үйрөнөөрүн кокусунан билип калдык. Алар буклетибиздин англис тилиндеги нускасын тамашалуу көнүгүү катары колдонушат экен. Биринчи жолугушуусундагы сүрөттөрүн чыгарып коюшуптур, алар бизде дагы эле бар, бул болсо мунун баарын эмнеге жасап жатканыбызды эң сонун эске салып турат.

Үчүнчү окуя, Redditтеги бей тааныш кишиден. Ал, өз сөзү менен айтсак – "[...] акыркы үч жылдан бери бул буклетти ар бир Бештин айында толтуруп келем. Бул убакыттын ичинде, мен марафонду бүтүрдүм, бир канча жаңы өлкөлөргө саякаттап келдим, гранттык акчага тапшырып, утуп алдым, кыялымдагы жумушка кирдим, дагы көп нерсе болду. Ушул жылды карап чыгууга жана кийинки жылды пландоого убакыт табыңыз."

Акыркы жана эң таң калаарлык окуя Джондон. Ал АКШда баңги көз карандылыгы жаатында кеңешчи . Буклетти, топтук терапия сессияларында апийимчилер менен бирге колдонот экен. Ал клиенттерге жашоосун өзгөртүп, саламаттыкты сактоого үгүттөгөн максаттарды койуга жардам берээрин аныктаган. Анын катын алгач окуганыбыз эсимде, чынында чоң дем берген.

Келечектеги максаттарыңыз кандай?

Дүйнөлүк жамаат болусуун чын дилибизден каалайт элек. Жакшы болуу, мээримдүү болуу жана өзүн өзү таану жолунда бири бирине жардам берген адамдардын биримдиги болууну каалайбыз. Өткөн жылды жыйынтыктоо жана келээрки жылыңарды пландаштыруу көп убакытты талап кылбайт, муну дем алыш күндөрдө эле жасай коюп кайра көнүмүш Шаршемби күнүңүзгө кайтасыз. Жыл бою сага колдоо көрсөтө алган туруктуу жамаат түзүүнү каалар элек. Башкача айтканда, баскан жолуңарда кулап калсаңыз таянаар тоо болуп бере алган адамдардын тобу.

Бул буклетти жыл сайын чыгарып дүйнөдөгү ар бир кишиге жеткирүүнү каалайт элек. Билесизби, дүйнө үстөмдүгү - жөн эле нерсе. :)

Муну акчага айландыргыңыз келет беле?

Бул биз үчүн бизнес эмес. Негизги тажрыйбабыздан пайда алууну каалабайбыз, анткени ал буга чейинки аракетибизди текке кетирет. Эңсегенибиз, YearCompass кыймылы тез арада көпчүлүккө тарап, чоң аудиторияга жетип, аларга өзүн өзү таануга жардам берсе, натыйжада алар жерди жашай турган эң бир сонун жайга айландырышат.

Буклетти жүктөө бекер болгону менен серверди тейлөө, ишчилерге айлык төлөө сыяктуу нерселерге бизге каражат керек. Учурда биз Жаңы Жылга белек катары берүү үчүн же жөн эле өзүңөргө сатып алуу үчүн буклеттин Сыпаа Нускасын текшерип жатабыз. Өз алдынча басып чыгаруу үчүн pdf нускага салыштырмалуу бул нускада күтүлбөгөн белектер бар. Бирок суроолор, акысыз жүктөөгө мүмкүн болгон негизги буклеттегидей эле. Кийин деле ушул бойдон калат - негизги буклетти сиз ар дайым акысыз жүктөй аласыз.

Билдирүүлөр

Жаңы жыл жакындап калганда биз эч нерсени өзгөртө албайбыз, бирок баа бере алабыз. Балким, тек гана убакыттын канчалык тез өтүп кеткендигин, канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибергенибизди (кайрадан), канча максатыбызга жеткенибизди (жок дегенде) жана кыялыбызда да жок нерселердин ишке ашканын байкайбыз. Өткөн жылды кайрадан карап чыгуу - ага баа берүүгө жардам бере турган адат. Маал маалы менен бир нече көз ирмемге болсо да токтоп, артка кадам жасап, кайда баратканыбызды карап алууга жардам берет. Басаңдоо, өзүбүзчө калып, өзүбүз менен убакыт өткөрүү - шашылышта жасалчу нерсе эмес. Жылыңызды кайрадан карап чыгуу үчүн жакшы маанай, чечкиндүүлүк, кызыгуу керек.

Ар жыл сайын келинчегим экөбүз бул буклетке убакыт бөлөбүз. Буга алдын ала даярданабыз, адатка да айланып калды. Эң кызыгы - былтыркы пландарыбыз менен ишке ашкандарды салыштыруу. Бул баалулуктарыбыз жана тилектерибизди жашообуз менен дал келтирүүгө жардам берет. Көп учурда, бир нерсени жөн гана ойлоп же жазып койсоң, ал ишке ашып калат. Жылдын кандайча өткөнүн карап чыгып анан пландаштырганда көпчүлүгүбүзгө бакыт, тажрыйба жана колдоо алып келет деп үмүттөнөм.

Zoltán Cserháti MD., National Institute for Health Development, Мажарстан

Көп учурда, өзүбүздү тагдырыбыз үчүн жооп берчү кишидей сезбейбиз андыктан жашообузга бейкапар карайбыз. YearCompass буклети түстүн түрдүүлүгүн байкоого жардам берет. Сыймыктана турган нерселерди (а алар сөзсүз бар) жана кайсы нерселерсиз келээрки жылы ийгиликтүрөөк болооруңду байкоого жардам берет. Мунун баары өзүнду жакшыраак таанууга алып келет. Акыркы бетти окуу сизге тажрыйбалуулук жана натыйжалуулук сезимин берет. Бул жөн гана буклет эмес, андан артык. Бул козголуунун, баалулуктун, өз-өзүңдү таануну жана психологиялык сабаттулукту өнүктүрүүнүн символу.

Réka Vidomusz - психолог

Алдыга жылуунун үчүн алгач жыйынтык чыгаруу керектигин баардыгы эле билсе керек. Жыйынтык чыгармайын былтыркы жылдын жүгүн да, ага байланыштуу баардык эмоцияларды да ташып жүрө бересиз.

Келээрки жылды пландоо - көп энергия талап кылган Чоң Көйгөйлөргө алдын ала даяр болууга жардам берет. Келээрки жылга максаттарды койуу, алдын ала билүү, ар бир багытта эмне жасалышы керектигин билүү күнүмкү энергияны талап кылат. Андыктан, колубуздан келген тек гана нерсе - жылдын кандайча өткөнүн кайрадан карап чыгуу.

Жашоодогу Чоң Суроолордун көйгөйү - ага жооп берүү оңой болбогондукта. "5 жылдан кийин мен кайда болом?" дээрлик жооп берүү мүмкүн болбогон суроо. Аны майда бөлүктөргө бөлсөк жооп табуу оңоюраак болот. YearCompassты толтуруу иштерди, түбү жок кийинкиге калтыртпай аткарууга жардам берет.

Júlia Gégöl - психолог

Сүрөттөр

YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo
YearCompass photo

Брэндинг булактары

YearCompass активдер сактагычынын курамы:

Айтуу

Брэнддин аты мындайча айтылат: YearCompass (Y менен С баш тамга менен, бир сөз менен)

Социалдык медиа каналдары

Ádám Freisinger
hello@yearcompass.com
http://yearcompass.com

Келээрки жылдын буклетин өткөзүп алгыңыз келбейби?

Email дарегиңизди калтырыңыз, жаңы буклет даяр болгондо кабар беребиз. Спам эмес - болгону жылына бир электрондук кат.